USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Бажыдагы коррупция боюнча соттун өкүмү чыкты. Райымбек Матраимов айып пул төлөйт

18:01, 11 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимов жемкорлук боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча Биринчи май райондук соту бүгүн өкүм чыгарды.

Райымбек Матраимов соттун жүрүшүндө күнөөсүн мойнуна алган. Жаза катары ага айып салынып, 260 миң сом төгүү милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, буга чейин коомчулук мурдакы президент Сооронбай Жээнбековдон Райымбек Матраимовду жоопко тартууну талап кылып келген. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика