18:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Ата районунда героиндин ири партиясы табылды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда героиндин ири партиясы табылды. Бул тууралуу Баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызыматынан билдиришти. 

Билдирүүгө караганда, буга чейин А.А. аттуу жаран баңгизатын сатып өткөрүп жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. 11-декабрда стационардык жайдан милиция унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Унааны башкарып бара жаткан 33 жаштагы А.А.нын баштыгынан 6 килограмм 140 грамм героин табылды.

«Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 13-декабрда тартип сакчылары Баткен облусунда баңгизатын сатып өткөрүүчү туруктуу каналдын уюштуруучусу Р.У.ну кармашты. Шектүүлөр тергөө абагына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

 
Эң көп окулган жаңылыктар