12:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Түндүк-түштүк жолунун курулушу. Факт боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн

Башкы прокуратура түндүк-түштүк альтернативдик жолдун курулушу боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура Унаа жана жолдор министрлигине коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жол картасын берди.

«Бишкек — Кара-Балта жолун куруу боюнча УКМК бир кылмыш ишин, Башкы прокуратура 2 кылмыш ишин козгоду. Балыкчы-Корумду жолу боюнча дагы иш козголду. Учурда түндүк-түштүк жолу боюнча текшерүү жүрүүдө, жыйынтыгы чыкса юридикалык баа берилет», — деди Нурлан Дүйшембиев.

Эң көп окулган жаңылыктар