03:11
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкекте уурулук кылганга шектелип эки жаран кармалды

Арча-Бешик жаңы конушунун тургунунун үйүнө кирип, уурулук кылганга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-августта Ленин РИИБге Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну үйүнөн электрошокер жана 4 миң сом акчасын алып чыгып кетишкенин айтып арызданган.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган кылмышка шектелип 2001-жылы туулган Ж.Б. жана 2000-жылы туулган Ж.М. кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар