21:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кадамжайда мал уурдаган кылмыштуу топ кармалды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда бодо мал уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөр малдарды уурдап, талаага алып барып союп, этин сатып жиберишкен.

Буга чейин Кадамжай РИИБге жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылып, малын уурдатып жиберишкенин айтышкан. Аталган кылмышка шектелип Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы тургуну П.К., Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну И.Ш. (аял киши) жана Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы тургуну А.Н. Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.

Дагы бир шектүү Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы тургуну Н.О. Бишкек шаарынан колго түшүрүлдү.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштуу топ Үч-Коргондон 10 баш бодо малды уурдаганы аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар