11:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Екатеринбургда полиция кыргызстандык жаранды кармоо учурунда атып салды

Екатеринбургда патрулдук күзөт кызматынын кызматкери кыргызстандык жаранды кармоо учурунда ага карата ок чыгарды. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКсы жазды.

Маалыматка караганда, 24-ноябрда баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектүү делип кармалган 28 жаштагы Качкын Тажиев медициналык мекемеден текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып, качууга аракет жасаган. 

Полициянын лейтенанты анын артынан кууп жеткен. Шектүү каршылык көрсөтүп, ок атуучу куралды алууга аракеттенгенде, полиция эскертүү иретинде асманга ок аткан. Бирок, кармалган жаран каршылык көрсөтө бергендиктен, полиция аны атып жиберген.

Окуя боюнча териштирүү жүрүүдө. Каза болгон жаранга маңзатын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми полиция колунан жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Каза болгон баланын атасы баңгизатын атайлап салып коюшкан деген ойдо. ЖМКнын берген маалыматына ылайык, Качкын Тажиев Жалал-Абад облусунда жерге берилет. Ал Орусиянын жараны болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар