09:16
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ленинград облусунда кыргызстандык жаран көпүрөдөн кулап кетип каза болду

Ленинград облусунда кыргызстандык жаран көпүрөдөн кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Тосно шаарынын тергөө бөлүмү 30 күн ичинде кырсыктын жагдайларын текшерип чыгып, кылмыш ишин козгоп же козгобой турганын чечет.

«22-ноябрда полицияга 43 жаштагы К.Т.Ж.нын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аны унаа жолдон таап алышкан. Алдын ала корутундуга ылайык, К.Т.Ж. бийиктиктен кулап кетип мерт болгон. Кыргызстандык жаран «Идж Ичташ Асталди Иджа Иншаат Аноним Ширкети» компаниясында айдоочу болуп иштечү. Фирма жүк-200дүн чыгымдарын толугу менен мойнуна алды. Анын артында балдары калгандыгына байланыштуу, фирма компенсация жана айлыктарынын баарын төлөп бермекчи», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар