11:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Орусияда Кыргызстандын жасалма паспортун сатып алган өзбекстандык соттолот

Санкт-Петербурда Кыргызстандын жасалма паспортун алып жүргөн өзбекстандык жаран соттолот. Бул тууралуу «Бизнес жаңылыктары агенттиги» сайты жазды.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын жараны Орусияга ишке кирүүгө уруксат алуу үчүн Кыргызстандын жасалма паспортун сатып алган. Мындан тышкары, ал 2020-жылдын апрелине чейин жарактуу болгон жасалма миграциялык карта менен эмгек келишимин алып жүргөнү үчүн да айыпталууда.

Ишти Колпинский райондук соту карайт.



Эң көп окулган жаңылыктар