17:43
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранга каракчылык менен кол салгандар кармалды

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранга каракчылык менен кол салган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-январда саат 23:30дар чамасында 4 белгисиз жарандар такси чакыртышкан. Алар унаанын ичинен айдоочуга кол салып, мойнуна жип байлап, бычак менен коркутуп акчасын жана 3 телефонун алып кетишкен.

«Шектүүлөр айдоочуну унаадан түшүрүп салып, өздөрү белгисиз тарапка айдап кетишкен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жарандардын баары колго түштү», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар