13:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Россияда аскердик операцияга катышпагандарды жарандыктан ажыратуу сунушталууда

Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин атайын аскердик операцияга катышуудан баш тарткан мигранттарды орус жарандыгынан ажыратууну сунуштоодо. Ал Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн курамына орус паспортун алган чет өлкөлүктөрдү кошуу керек деп эсептейт.

«Эгер сен Орусиянын жараны болуп туруп, аскердик милдетиңди аткарууга даяр болбосоң, андай адамды жарандыктан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алыш керек», — деди Александр Бастрыкин.

Бастыркин мындай сунушун буга чейин дагы билдирген. Анын айтымында, мигранттар жарандык менен кошо милдеттерди да алышат, анын ичине аскердик кызмат өтөө дагы кирет.

«Атайын аскердик операция жүргүзүү шартында мамлекет чет өлкөлүк жарандарды контракт менен аскердик кызматка кирүүгө орус жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен стимулдаштырат», — деди Александр Бастрыкин.

Анын айтымында, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле Тажикстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан 60 миңден ашуун адам орус жарандыгын алышкан, «демек, алар укуктарды гана эмес, аларды кабыл алган өлкөнү коргоо боюнча конституциялык милдеттерди да алышты».

Эң көп окулган жаңылыктар