20:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Челябинск облусунда катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Орусиянын Челябинск облусунда катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Челябинск — Троицк жолунда болгон. Анда КамАЗ менен Honda Odissey унаалары кагышкан. Жеңил унаанын ичиндеги 5 киши окуя болгон жерде каза болду. Алардын 3өө кыргызстандык, 2өө- Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары.

КамАЗда Казакстандын 2 жараны болгон. Экспертиза айдоочу соо болгон деген бүтүм чыгарды.

Эң көп окулган жаңылыктар