16:15
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

«Азаттык» радиосунун кеңсесин милиция кызматкерлери кайтарууга алды

Ички иштер министрлиги «Азаттык» радиосунун кайрылуусу боюнча журналисттердин коопсуздугуна көз салууда. Учурда радионун кеңсесин милиция кызматкерлери кайтарууга алды. Бул тууралуу аталган радионун кызматкери Айгерим Акылбекова Инстаграмдагы баракчасына жазды.

«Буга чейин социалдык тармактарда айрым колдонуучулар «Азаттык» радиосунун кеңсесин алдында акция өткөрөрүн жарыялашкан. Ошондой эле белгисиз адамдар радионун журналисттерине телефон чалышкан», — деп жазган ал.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митинги өттү. Нааразычылык акциясы «Азаттыктын» Бажы тармагындагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүнө байланыштуу болду.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP жарыялады. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын, ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимов акча алып турганын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар