13:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Матраимовдордун ЖМКга каршы доосу. Сот видеого тартууга тыюу салды

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочулары 24.kg, «Азаттык» жана Kloop ЖМКларына карата доо арызын кароо боюнча процессте видеого тартууга каршы чыгышты. Алардын айтымында, журналисттер видеого тартып үй-бүлөгө басым көрсөтүшүүдө.

«ЖМКлар иш боюнча жоопкер жана кызыкдар тарап болууда. Абал бир тараптуу чагылдырылып жатат. Менин кардарымдын укугу бузулууда. Ушунча көп камера маңдайда турганда, өз ойлорун айтуу кыйынчылык жаратат», — деди Райымбек Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская.

Ал процессти түз алып көрсөтүүгө каршылык билдирди. «Биздин көрүнүшүбүздү тартууга уруксат бербейбиз», — деди жактоочу.

Ал эми ЖМКнын кызыкчылыгын көздөгөн юрист Фатима Якупбаева, отурумга келген ЖМКнын баары доо боюнча жоопкер эместигин эскертти. Ал сот коомдук жай экенин айтып, видео жана фотого тартууга тыюу салынбаганын, сүрөттөр пайдаланыла тургандыгын кошумчалады. «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов дагы аудио жана видеого жаздыруу мыйзам уруксат берээрин айтты.

«Бул өлкөдө болуп көрбөгөндөй доо арыз, ЖМКларга 60 миллион айып тагылууда. Президент соттук-укуктук реформа жүрүп жатат деди, урматтуу судья, ушуну тастыктаңыз», — деп кошумчалады Тимур Султанов.

Сот доогер тараптын өтүнүчүн канааттандырып, видеого тартууга тыюу салды.

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттигин сотко берген. Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24.kg агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар