23:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Азаттык» иликтеген маалыматты мекемелер аралык тергөө тобу иликтейт

«Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан иликтенген маалыматты мекемелер аралык тергөө тобу иликтейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, журналисттик иликтөө "Адам өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш ишинин козголушуна негиз болду. 

«24-ноябрда сотко чейинки өндүрүш уюму  УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Ошол эле күнү ведомстволор аралык тергөө тобу (УКМК, ИИМ, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы) түзүлүп, керектүү тергөө аракеттери башталды. Ар тараптуу жана адилеттүү иликтөө максатында аталган факты тууралуу маалыматы болгон жарандардын баардыгынын катышуусунда тергөө аракеттери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP жарыялады. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын, ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимов акча алып турганын айткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар