02:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Матраимовдордун ЖМКга доосу. Журналисттерден сүрөткө тартпоону суранышты

Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 24.kg, «Азаттык», Kloop ЖМКларына жана журналист Али Токтакуновго карата доо арызын кароо боюнча соттук процесс башталды. Сотто Жылдыз Ибраимова төрагалык кылууда.

Бүгүнкү отурумдун катчысы ЖМК өкүлдөрүнөн сот залында сүрөткө тартпоону суранды. Ал төрагалык кылган судьянын фото жана видеого тартууга тыюу салуу тууралуу чечимин эскертти.

Бирок Kloop сайтынын кызыкчылыгын коргогон Фатима Якупбаева нааразычылыгын билдирип, Жарандык-процессуалдык кодекстин алкагында иш жүргүзүүгө чакырды.

«Сот процесс маалында гана видео тартууга тыюу салган. Судья залга кире элек. Ал келээри менен сүрөткө тартпай калышат», — деди юрист.

Кошумчалай кетсек, депутат Искендер Матраимов, жубай Миновар Жумаева, Бажы кызыматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, анын жубайы Уулкан Тургунова, ошондой эле «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук фонду 24.kg агенттигине карата 15 миллион сом суммасындагы материалдык доо арызын кайтарып алды.

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттигин сотко берген. Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24.kg агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар