10:46
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Райымбек Матраимов Хабибулла Абдукадырды инвестор катары биле турганын айтты

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Азия news» гезитине маек куруп, өзүнө карата айыптоолорду куру каралоо деп атады. Ал 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынга да тиешеси жоктугун айткан мурдагы сөзүн кайталап, бул соодагерлердин акчасы экенин, аны медиалар атайылап жаманатты кылып жатканын билдирди.

Басылманын 19-декабрда жарык көргөн санында мурдагы бажычы гезиттин редактору Арсланбек Сартбаевдин суроолоруна жооп берип жатып, журналисттик иликтөөлөрдө айтылган кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадырды тааный турганын мойнуна алды.

«Абдукадырды эл аралык деңгээлдеги инвестор катары 2007-жылдан бери билем. Аны менен эле эмес, сырткы ишмердүүлүк менен алектенгендердин көпчүлүгү менен кызматка жараша иштешесиң. Анткени базарды изилдеп, кайсы ири кеңселер Кыргызстанга пайда алып келип жатканын билип, алардын бизнес жасашына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү бажыда иштегендердин милдетине кирет эле. Бажыда иштегенде план-тапшырманы аткарыш үчүн менеджер да болуш керек. Өзбекстанга келчү товарлардын көлөмүнөн Кыргызстан аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү 10 пайызга жетпесе да керек. Менимче, мындай инвесторлордун иштөөсүнө шарт түзүп, мамлекетке инвестиция алып келинишин камсыз кылуу абзел. Бизде тескерисинче, чукуп, козгоп, тынчын алып, ар кандай тоскоолдуктарды жаратабыз. Мен билгенден бул киши курулуш багытында Өзбекстанга көптөгөн миллион долларлык инвестицияларды салып жатат. Мындан мамлекет эле пайда көрөт», — деди Райымбек Матраимов.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP менен ишке ашырып жарыялаган эле. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын айтат. Ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Раимбек Матраимов акча алып турган.

Эң көп окулган жаңылыктар