19:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Юрист 24.kg агенттигине карата материалдык дооматтан баш тартуу тууралуу айтты

Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 24.kg, «Азаттык», Kloop ЖМКларына жана журналист Али Токтакуновго карата доо арызын кароо боюнча соттук процесс башталды. Сотто Жылдыз Ибраимова төрагалык кылууда.

Бүгүн судья процесстин катышуучуларына 27-январда соттун канцеляриясына доогерлердин 24.kg агенттигине карата дооматынын кайсыл бир бөлүгүнөн баш тарткандыгы тууралуу арыз келип түшкөнүн билдирди.

Матраимовдордун юристи Татьяна Карыжинская сотко түшүндүрмө берип жатып, редакция «Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү» аталышка далилдер жоктугун мойнуна алгандыгына байланыштуу, доонун бир бөлүгүн артка кайтарып алышканын кошумчалады. Доогер тарап материалдык дооматтан гана баш тартышты.

Сот доогерлердин 24.kg агенттигине карата 15 миллион сом өлчөмүндө материалдык талабынан баш тартуу тууралуу арызын кабыл алды.

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттигин сотко берген. Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24.kg агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар