07:18
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстандагы атомдук станциянын кубаттуулугу 300 мегаватт болот

Кыргызстанда курула турган атомдук станциянын кубаттуулугу 300 мегаватт болот. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.

Ал «Росатом» менен келишим түзүлгөнүн белгиледи.

«Алгач 50 мегаватт боюнча кеп болгон. Бирок, мындай кубаттуулук менен эч нерсени чече албастыгыбызды түшүндүк. Эгер биз атомная станция кура турган болсок анын кубаттуулугу 300 мегаваттан кем болбош керек», — дейт аткаминер.

Эң көп окулган жаңылыктар