02:24
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ноокен районунда мал уурулук менен алектенген топ кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда мал уурулук менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын июлунда Ноокен РИИБге райондун О.Ж. аттуу тургуну (11-июлга караган түнү 12 миң сомдук торпогун уурдаткан), А.Н. аттуу жаран (19-июлда 15 миң сомдук торпогун уурдаткан), М.Х. аттуу жаран (20-июлда 16 миң сомдук торпогун уурдатып жибергенин) кайрылышкан.

Аталган кылмыштарга шектүү делип Ноокен районунун 4 тургуну кармалды. 1992-жылы туулган П.Ш., 1995-жылы туулган Т.И., 1998-жылы туулган А.С. жана Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган тургуну С.С., тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Алар уурдалган малды базарга алып барып сатып жиберишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума