23:49
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кочкор-Атадагы ооруканада бейтаптар дарыгерди таңкы 5тен баштап күтүшөт

Кочкор-Ата шаарындагы балдар психоневрологиялык ооруканасында бейтаптар таңкы саат 5тен баштап кезек күтүшөт. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучусу Данияр Дурусбеков жазды.

«21-кылым, санариптештирүү жылы. Таңкы саат 4:45тен баштап кезек күтмөй. Бетондо сызда 3-4 саат күтүп олтурган аялдарды көрүп, аялдар колониясы деп ойлойт экенсин. Ооруп келгендер кайра суукта чала жан болуп кетет экен, отурганга орун жок. Сыртта унаада жылынып кезек күткөндөр андан көп», — деп жазылат маалыматта. 

Автор Саламаттык сактоо министрлигине жеткирип койгулачы, шарт түзүп койсун деп кошумчалаган.

Эң көп окулган жаңылыктар