21:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Батукаевдин иши. Абдухалим Раимжановдун оорусунан улам процесс жылдырылды

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук териштирүү болмок. Бирок, процесс башталаардан мурда соттук отурумдун катчысы айыпталуучу Абдухалим Раимжанов процесске келбегенин айтты.

Ал омурткасына операция жасатуу үчүн ооруканада жатат.

Белгилей кетсек, отурумга мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева, дарыгер-онколог Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова да келди.

Эске салсак, буга чейин мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кимге кандай айып тагылганын Башкы прокуратурадан билдиришкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө Гемотология борборунун дарыгерлери Эмил Макимбетовго, Ирина Цоповага, аталган борбордун башчысы Абдухалим Раимжановго, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага, министрликтин өкүлү Канатбек Бектемировго, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиевге, анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге, аталган мекеменин медициналык санитардык камсыздандыруу жана уюштуруу башкармалыгынын башчысы Акыл Асановго, дарыгери Фархад Атаходжаевге, Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын мурдагы прокурору Майрамбек Акматалиевге, прокурордун мурдагы жардамчысы Кубат Жуматаевге, мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага, УКМКнын төрагасынын кеңешчиси Мурат Бекеновго, мурдагы Вице-премьер министри Шамил Атахановго, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовго, жактоочу Али Касымовго, Коопсуздук кеңешинин катчысы БусурманкулТабалдиевге коррупция, кызматтык жасалмачылык, документтерди жасалмасы беренелери боюнча сот тарабынан

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевге карата коррупцияны уюштуруу беренеси боюнча тийиштүү бөгөт коюу чаралары тандалган.

Бүгүнкү күндө, Ирина Цопова, Калыбек Качкыналиев, Мурат Бекенов, Жапар Эрматов, Али Касымов жана Алмазбек Атамбаев сот тарабынан камакка алынышкан, калган шектүүлөр тергөө менен кызматташууга барышкандыктан, бөгөт коюу чаралары катары үй камактары тандалып алынган.

Ал эми, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге карата издөө жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар