Аймактардан келген бейтаптар Бишкектеги республикалык ооруканага кире албай кезекте турушат. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы жаштар конгрессинин расмий өкүлү Таалай Токтомов 24.kg агенттигине билдирди.
«Ысык-Көл облусунан келген жарандар кайрылып, ооруканага кире албай, бир жумадан бери кезек күтүп тургандарын айтышууда», -дейт ал.