Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (13.11.19-ж.) 236 бейтап кайрылды, алардын ичинен 164ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Кайрылгандардын 95и ооруканага жаткырылган, алардын 80и жаш балдар.
«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 56 адам кайрылса, 36сы ооруканага жаткырылып, 20 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 37 адам кайрылган, алардын 15и ооруканага жайгаштырылды», — деп айтылат маалыматта.