08:13
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 268 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (11.11.19-ж.) 268 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 198и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 91и ооруканага жаткырылды, алардын 84ү жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 65 адам кайрылса, 35и ооруканага жаткырылып, 30 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 35 адам кайрылган, алардын 15и ооруканага жаткырылды», — деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар