Соцтармактарда макал-лакап баттл (#MakalLakapBattle) челленджи башталды. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучусу Тимур Файзиев жарыялады.
Айтымында, негизги максат- кыргызча сүйлөп тилди өнүктүрүү.
«Өзүңдүн билген макалыңды видеого тартып, #MakalLakapBattle хештегин коюп интернетке жүктө. Эгерде челленджде 100дөн ашык видео топтолсо, анда эң өзгөчө жана чыгармачыл видео үчүн Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бирине жолдомо ойнотом», — деп жазган ал.