15:10
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Фейсбук Орусияда ондогон аккаунттарды жапты

Фейсбук биринчи жолу Орусияда колдонуучулардын маалыматтарын мыйзамсыз топтоп, иликтеп, андан соң аткаминерлерге жана буга кызыктар кишилерге берген ондогон аккаунттарды жапты.

Маалыматтарга караганда, бул аккаунттар Ирландияда жайгашкан Social Data Hub компаниясы менен байланышта. Социалдык түйүн компаниядан жакынкы суткаларда мыйзамсыз ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылды.

Social Data Hub компаниясынын негиздөөчүсү — Артур Хачуян, ал 2014-жылга чейин Тина Канделакинин «Апостол» реклама агенттигинин кибернетика бөлүмүн жетектеген. Ал мындан тышкары Fubutech ишканасын башкарат. Маалыматтар боюнча эки уюмда тең бир эле команда иштейт. Social Data Hub коммерциялык, Fubutech мамлекеттик буюртмаларды аткарат.


Хачуян The Bell сайтына берген интервьюсунда жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес.

РБК басылмасына курган маегинде болсо эгер социалдык түйүн аккаунттарды калыбына келтирбесе, Фейсбукту сотко берериши мүмкүн экенин билдирди.

Буга чейин Social Data Hub өзүн Дональд Трамптын шайлоо кампаниясы учурунда Фейсбук колдонуучуларынын маалыматтарын мыйзамсыз колдонууга айыпталып, ишмердүүлүгүн токтоткон Cambridge Analytica тобу менен салыштырган. Хачуян өмүр бою Cambridge Analytica тобун жек көрүп келгенин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар