14:19
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 287 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (4.11.19-ж.) 287 бейтап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын ичинен 222си жаш балдар.

«Кайрылгандардын 122си ооруканага жаткырылган, алардын 112си жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 86 адам кайрылса, 57си ооруканага жаткырылып, 29 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 41 адам кайрылган, алардын 15и ооруканага жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар