10:40
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мурунку мэрлердин соту. Айыпталуучулар январга чейин камакта калтырылды

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

Буга чейин айыптоочулар мурунку мэрлердин баш коргоо чарасын карап чыгуу тууралуу билдирүү жасашкан. Прокурорлор кармоо мөөнөтүн узартууну, жактоочулар үй камагына чыгарууну суранышууда.

Жыйын залынан чыккан судья айыпталуучуларды 6-январга чейин камакта калтыруу тууралуу чечимин билдирди.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Кулматов соттун чечимин угууга катышкан жок. Албек Ибраимовдун айтымында, анын ичи ооруп жатат.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар