14:50
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Жолдор тайгалак болот. ӨКМ айдоочуларга эскертме берди

4-5-ноябрь күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрүп көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындан улам, ӨКМ айдоочуларга эскертме берди:

— ӨКМдин Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;
— тоолуу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
— унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү;
— аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алууну эскертти.

Маалыматка караганда, 5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-6-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз 1...6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...5°, күндүз 7...12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз 2...7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −2...-7° суук, күндүз −1 сууктан...+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн −4...-9°, күндүз 0...-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −10...-15°, күндүз −1...-6° суук болушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар