16:21
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

ӨКМ: Кыргызстанда күн сууктайт

Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

4-5-ноябрь күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан карга айланышы ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-6-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз 1...6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...5°, күндүз 7...12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз 2...7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −2...-7° суук, күндүз −1 сууктан...+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн −4...-9°, күндүз 0...-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −10...-15°, күндүз −1...-6° суук болот.

Эң көп окулган жаңылыктар