Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (29.10.19-ж.) 296 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алардын ичинен 212и жаш балдар.
«Кайрылгандардын 95и ооруканага жаткырылган, алардын 88 жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 85 адам кайрылса, 41и ооруканага жаткырылып, 44 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 33 адам кайрылган, алардын 13ү ооруканага жаткырылды», — деп жазылат маалыматта.