Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,12 миллиард кубометрди түздү. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплекс жана кен байлыктар боюнча комитеттин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Маалыматка караганда, былтыр бул убакта суунун көлөмү 18,9 миллиард кубометрге жеткен.
Өкмөт суунун аз болгонуна карабай электр кубаты үзгүлтүксүз бериле турганын айтты.