18:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Былтыркыдан аз. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,2 миллиард кубометр

Учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,2 миллиард кубометрди түзүүдө. Бул тууралуу «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди. 

«Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миллиард кубометрге аз. Бирок бул күз-кыш мезгилдери үчүн жетиштүү көлөм. Бир катар гидроэлектростанцияларда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштери күз-кыш мезгилинен өтүүгө таасир этпейт. Бирок кийинки кыштан өтүү боюнча тынчсыздануу бар, себеби суунун аз болоору байкалууда. Бул көрүнүштү эсепке алуу менен, Өзбекстанга кышында электр энергиясын берүүдөн баш тарттык, Казакстанга келишим боюнча 270 КВтс. беришибиз керек. Иштелип чыккан электр энергиясын үнөмдөө үчүн 45 майнинг чарбасына электр тогун берүү токтотулду», — деди Айтмамат Назаров.

Эске салсак, бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мүчөлөрү 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин карашты.

Эң көп окулган жаңылыктар