Жеңилдетилген 700 кВт/сааттык ченем электр энергетикасын колдонуучулардын дээрлик 85 пайызы үчүн жетиштүүлүк кылат. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев «Парламент» радиосунун түз эфиринде айтты.
«Алынган насыялар менен гранттык каражаттардын бир топ бөлүгү электр энергетикасынын муктаждыктарын жабууга жумшалууда. Алар менен кайрадан эсептешүүгө келгенде эң жогорку суммаларды кайтаруу 2027-жылга туура келет», — дейт эл өкүлү.
Эске салсак, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,12 миллиард кубометрди түздү.