16:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Токтогул суу сактагычындагы сууну көлөмү 15 миллиард кубометрден ашты

Майдын аягына Токтогул суу сактагычындагы сууну көлөмү 15 миллиард 882 миллион кубометрди түздү. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине «Электр станциялар» АККсынан билдиришти.

Сууну кириши секундасына 1 миң 686 кубометр, чыгышы секундасына 205 кубометр көлөмүндө болду.

Өткөн жылы бул мезгилде суунун көлөмү 10 миллиард 687 миллион кубометр болуп, секундасына 857 кубометр суу агып кирип турса, 205 кубометр суу агып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар