Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13,6 миллиард кубометрден бир аз жогору. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, суу сактагычта суунун көлөмү нормадан ашык.
«2018-жылы ушул убакта суунун көлөмү 19,3 миллиард кубометрди түзгөн. Жакынкы 3-5 жылдыкта суунун азайышы күтүлүүдө», -деди ал.