Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,3 млрд куб метрге чейин өстү
11:31, 10-май 2021, Бишкек - 24.kg
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2021-жылдын 10-майына карата 9 миллиард 295 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Суунун агып кириши секундасына 1336 куб метр, агымы 255 куб метрди түзүүдө.
2020-жылдын 10-майына карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 947 миллион куб метрди түзгөн.