01:52
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 87 бала жаткырылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 265 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 199у жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 94ү ооруканага жаткырылган, алардын 87си жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 84 адам кайрылса, 44ү ооруканага жаткырылып, 40 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 37 адам кайрылган, алардын 16сы ооруканага жаткырылды», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар