14:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда наристе өлүү төрөлдү

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда (4-төрөт үйү) наристе өлүү төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Айтымында, факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалды.

«Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы түзүлдү. Документтер менен таанышып чыккандан кийин өлүмдүн себептери маалым болот. Кош бойлуу келин төрөт үйүнө 17-октябрда келген. Ал кыска мөөнөттүү кабыл алуу бөлүмүндө турган, бирок эртең менен баланын курсактан өлүп калганы аныкталды», -деди Раиса Асылбашева.

Эң көп окулган жаңылыктар