13:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте 3 жашар баланы унаа коюп кетти

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан 3 жашар баланы унаа коюп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя кечээ Орозбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда болгон.

«Тойота Секвойя» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын артты көздөй айдаганда 3 жашар баланы байкабай тебелетип алган. Наристе ооруканадан каза болду.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Унаа айып аянтчасына токтотулду.


Эң көп окулган жаңылыктар