04:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кырсык каш-кабактын ортосунда. Өмүрү кыйылган жаш балдар

Ушул жылдын 3-октябрында Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Күн-Туу айылында окуучунун өмүрүн кыйган кырсык катталды. № 18 автобустун айдоочусу элди унаадан түшүрүп жатканда 5-класстын окуучусунун кийими эшикке кыпчылып калган. Айдоочу аны байкабай автобусту айдап, баланы арткы оң жактагы дөңгөлөгү менен тебелептип алган. Кырсыктын кесепетинен 5-класстын окуучусу өзүнө келбей ооруканада каза болду.

24.kg агенттиги ушул жылы жаш балдардын өмүрүн алган кырсыктарды эсептеди. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

14-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 2 жашар наристе ур-токмоктон чарчап калды. Аны сабаганга шектүү делип чоң энеси (өгөй чоң энеси) айтылганы менен, кийин ага карата эч кандай чара көрүлгөн эмес. Ал наристеге кол тийгизбегендигин айтып, кыз тепкичтен кулап, башынан жаракат алганын кошумчалаган. Ал эми 2 жашар кыздын апасы окуя болгон учурда Орусияда иштеп жүргөн. Кызынын сабалып, ооруканага түшкөнүн уккандан кийин ал мекенине кайтып келген.

3-июнда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Михайловка айылында 2 бала эски муздаткычтын ичинде камалып калып, каза болду. 6 жана 4 жаштагы балдар короодо ойноп жатышкан. Ата-энелери балдардын үнү чыкпай калганда, издеп башташкан. Балдар саат кечки 5те табылган, бирок бул убакта алар каза болуп калган. Муздаткыч ичинен ачылбай, аба жетпей жан беришкен.

9-июнда Балыкчыда батут оодарылып калып, анда жабыркаган 3 жашар наристе чарчап калды. Жалпы 8 бала жаракат алып, экөө ооруканага жаткырылган. 3 жашар наристе баш мээсинен катуу жаракат алып, комага түшүп калган. 1 жумадан кийин кыз өзүнө келбей чарчап калды.

20-июлда Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда алты жашар бала аракка ууланып каза болгон.

Маалыматка караганда, баланын апасынын жарандык никедеги 60 жаштагы күйөөсү жана 31 жаштагы уулу арак ичип олтурган. Курсагы ачкан 6 жашар бала тамак сураганда, ага үйдөгү эркектер помидор карматып, эки рюмка арак ичирип коюшкан. Бала эртеси күнү ооруканага жеткирилип, бир күндөн кийин каза болуп калган.

28-сентябрда Чүй облусундагы Военно-Антоновка айылында бир тууган өспүрүм балдар даараткананын чуңкуруна түшүп кетип каза болду.

Чүй облустук милициянын маалыматына караганда, бир туугандардын улуусу 13 жашта, кичүүсү жети жашта болгон. Алар короодо ойноп жүрүп, бирөөсү дааратканага түшүп кеткен. Экинчиси аны куткарам деп жатып ал дагы чуңкурга түшүп кеткен. Экөө тең чыгалбай, каза болуп калышкан.

30-сентябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы эс алуучу жайлардын биринде 4 жана 6 жаштагы балдар сууга чөгүп кетти. Алар ата-энеси менен чогуу эс алууга келишкен. Балдар бассейиндин жанында ойноп жатып сууга чөгүп кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар