14:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ымыркайдын өлүмү боюнча комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды

Ысык-Көл облусундагы 11 айлык кыздын өлүмү боюнча комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Биринчи корутундуда эксперттер ымыркайдын денесиндеги көк-ала тактар оор нерсе менен чапканда пайда болгон деп көрсөтүштү.

«Муну так жана даана билиш үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү керек. Буга тар профилдүү адистер катышат. Баардык материалдар республикалык мамлекеттик эксперттик кызматка жөнөтүлдү. Комплекстүү экспертизанын жыйынтыгы боюнча тиешелүү юридикалык баа берилет», — деп билдиришти аталган облустун ИИБсы.

Эске салсак, Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 11 айлык наристе чарчап калган. Маалыматка караганда, ымыркай кыз оор абалда келип түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар