03:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Күн-Туу айылындагы окуучунун өлүмү. Айдоочу № 1 тергөө абагына киргизилди

Бишкекте автобустун эшигине кыпчылып калып каза болгон окуучунун окуясы боюнча Сокулук райондук соту чечим чыгарды. Ага ылайык, айдоочу № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, № 18 автобустун айдоочусу Н. Серенов бир ай камакта болот.

Эске салсак, 3-октябрда Күн-Туу айылында автобустун айдоочусу элди унаадан түшүрүп жаткан. 5-класстын окуучусунун кийими эшикке кыпчылып калган. Айдоочу аны байкабай автобусту айдап, баланы арткы оң жактагы дөңгөлөгү менен тебелептип алган. Кырсыктын кесепетинен 5-класстын окуучусу өзүнө келбей ооруканада каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума