05:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Интернеттин колдонуучулары депутат Алмазбек Баатырбековдун жоругуна нааразы

Москвада Х эл аралык парламенттик оюндар аяктады, ага 15 өлкөдөн командалар катышкан. Кыргызстандын атынан Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган футболдук команда ат салышты.

Соцтармактарда депутат-футболчулар Улан Примов, Жыргалбек Турускулов жана Алмазбек Баатырбековдун сүрөтү жарыяланды. Анда интернеттин колдонуучуларын Алмазбек Баатырбековдун («Кыргызстан» фракциясы) көрүүчүлөр отура турган отургучтун жөлөнгүчүнө бутун коюп түшкөн сүрөтү нааразы кылды.

Москвада кыргыз элитасынын жогорку үлгүсүн көргөзүштү", — деп жазылат сүрөттүн алдында. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Эң көп окулган жаңылыктар