16:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди

Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан маалымдашты.

Мамлекеттик каттоо, транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укугун кайра каттоону бекиткен өкмөттүн 2019-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:

— юридикалык жактар үчүн автотранспорт каражаттарына техникалык талон берүү жоюлду;

— транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине «биргелешкен ээси» жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат;

— чет элдик жарандар үчүн автотранспорт каражаттарын каттоо процедурасы жеңилдетилет;

— ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет;

— бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер, ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт.

Ошондой эле, айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюлду; медициналык маалымдаманын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылды; чет элдик жарандар үчүн, башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштырам десе, теориялык жактан сынак тапшыруу процедурасы жоюулуп, сынакты транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырат; окуудан өткөнү тууралуу күбөлүк бар болсо, ал электрондук маалымат базасына киргизилбейт; бардык каттоо иш-аракеттер жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер менен жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар