19:37
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Акыйкатчы тергөө абагында отурган Алмазбек Атамбаев менен кезикти

Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын тергөө абыгында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен кезигип келди. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мурунку президенттин кармоо шарттарына карата эч кандай нааразычылыгы жок. 

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар