15:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Орусияда пара берүү фактысы боюнча кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголду

Орусиянын Курганск облусунда пара берүү фактысы боюнча кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик автоинспекциясынын маалыматына ылайык, окуя Макушинский районунда болгон. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери «Трасса» операциясын жүргүзүп жатышкан. Алар документтерди текшерүү үчүн «Мазда» унаасын токтотушкан, аны кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан. Айдоочунун жанында күбөлүгү жок болгондуктан, инспектор протокол толтурууну чечкен.

«Бул убакта унаанын ээси, жүргүнчү катары бара жаткан айым унаадан чыгып, маселени тынчтык жолу менен чечүүнү сунуш кылган. Ал инспекторго 850 рубль берүүгө аракет жасаган. Кызматкер акчаны албастан, нөөмөт бөлүмүнө билдирген», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби