10:20
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Батукаевдин иши. Алмазбек Атамбаев камакта калтырылды

Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуулар уланууда.

Процесстин жүрүшүндө мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүндү.

«Мен Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну сурандым, анткени ал тергөө абагында отурбашы керек. Судья Эмил Каипов өтүнүчтү орундаткан жок», -деди жактоочу.

Эске салсак, бүгүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуулар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар