00:15
USD 79.04
EUR 93.73
RUB 1.05

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын камакта калуу мөөнөтү узартылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархат Баабиевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды. Ал 9-февралга чейин камакта болот. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Эске салсак, ага «Алдын ала башка сүйлөшүп алып, аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айып тагылууда.

Жолдубаеванын айтымында, бүгүн депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын үй камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселе каралат.

Ошондой эле бүгүн УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасы каралат. Буга чейин 24.kg агенттигине анын жактоочусу Бакытбек уулу Автандил тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып жатканын билдирген.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган. Ал эми Ирина Карамушкина 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кишилерди барымтага алганга катыштыгы бар делип шектелүүдө. Соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-сентябрь, ишемби
18-сентябрь, жума