05:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жактоочу: Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кетти

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучуну ооруканага жаткыруу азырынча талап кылынбайт, бирок УКМКнын тергөө абагында Атамбаевдин ден соолугу начарлашы мүмкүн.

«Бул имарат айыгууга шарт түзүп бербейт. Мындан улам, анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен кайрылабыз», — деди жактоочу.

Ал кечээ Атамбаевди дарыгерлер текшерүүдөн өткөргөнүн айтты.

Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

 
Эң көп окулган жаңылыктар